ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы
2019-жылдын 16-августу 33/1
Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитов маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Доболу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитов Дөбөлү айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.
2. Дөбөлү айыл аймагында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) ар бир жанга көчөдөн ташып ичкендерге бир айга 10 сом, үй ичине киргизип колдонгондорго айына бир кожолукка 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Дөбөлү айыл аймагында графикке ылайык таштандыларды чыгаруунун наркы (тарифи) бир айга ар бир кожолукка 47 сом өлчөмүндө бекитилсин.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Уланбек уулу Жолдошбе |