Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №15/6
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн статист –кассири Жамидин к Дамиранын “Чүй айыл өкмөтүндө 2019 –жылдын 1-январына карата айыл чарба малдарына жана үй канаттууларына санак жургүзүү жөнүндөгү” маалыматын угуп жана иш –кагаздары менен таанышып, депутаттардын ой пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 –беренесине ылайык Чүй айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүндө 2019 –жылдын 1- январына карата айыл чарба малдарын жана үй канаттууларын кайра саноого тартылган катттоочулардын эмгек акысына ар бир кожолукка 10 сом бекитилсин
2.Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы экономика, бюджет комиссиясынын төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага: | З.Амангельдиев |