Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №15/5
Эл аралык АРИС уюмунан долбоор менен берилуучу фронталдык жуктоочу унаа алууга акча каражат болуп беруу туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы С.Сулаймановдун Эл аралык «АРИС» уюмунан долбоор менен берилүүчү 1 (бир) даана фронталдык жүктөөчү унаа алуу жөнүндөгү маалыматын угуп, Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен сунушталган долбоордогу иш –аракеттерди талкуулап жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 31 –беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн Эл аралык «АРИС» уюмунан долбоор менен берилүүчү сметалык баасы –3969,0 миң сомду түзгөн 1 (даана) фронталдык жүктөөчү унаа алууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы – 1 млн 414 ми 397 сом миң каражатын которууга макулдук берилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага: | З.Амангельдиев |