Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №15/2
Чүй айыл өкмөтүнүн 2017- жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2018 –жылга колдонуу туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп, 2017 –жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 –жылдын 1- январына карата жергиликтүү бюджетинен 915,6 миң сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 –беренесинин 2-бөлүмчөсүнө ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү туралуу Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2018- жылдын 1-январына карата Чүй айыл өкмөтүндө калган калдык: Бала бакча бөлүмү
2218 статья “Тамак-аш” продуктуларына -116,5 миң сом;
Мамлекеттик тейлөө:
2111 “Эмгек акы” -622,4 миң сом;
2121”Соц.фондго төлөө” -15,7 миң сом;
2212 “Байланыш кызматтарына” -55,0 миң сом;
2211 “Кызматтык иш сапарларына чыгууга” -6,0 мин сом
Турмуш тиричилик бөлүмү
2111Эмгек акы -90,0 мин сом
2121 Соц.фондго төлөө -10,0 миң сом акча каражаттарынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы экономика, бюджет комиссиясынын төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага: | З.Амангельдиев |