Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-августу № 5
Жергиликтүү кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү” № 57 мыйзамынын 11-беренесине ылайык муниципалдык ишкананы мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык ишкана юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Достук тазалык” ишканасы, ал эми расмий тилде муниципальное предприятие “Достук тазалык “ деп катталсын.
3.Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
5.Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Ноокен району, Шамалды-Сай айылы, Н.Рыскулов көчөсү 21 үй.
Эскертүү: Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Э. Мансиркулов
|