Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №16/2
Айылды инвестициялоо - 3 долбоорунун алкагында долбоордун сунушун бекитүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн айылды инвестициялоо - 3 долбоорунун алкагында сынакка катышуу үчүн жумушчу топтун даярдаган сунуштарын талкуулап жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү», Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бюджетке ылайык төмөндөгү долбоордук сунуш бекитилсин
№ | Микродолбоордун аталышы | Гранттын суммасы (сом) | а/өнүн өздүк салымы гранттык сумманын 3,75% нан кем эмес) | Микро долбоордун жалпы суммасы (сом) |
1 | Арал айылына бала бакчанын курулушу | 6 900 000 | 1 100 000 | 8 000 000 |
2 | Чүй айылына бала –бакчанын курулушу | 13 800 000 | 1 500 000 | 15 300 000 |
| Баардыгы | 20 700 000 | 2 600 000 | 23 300 000 |
2. Чүй айыл өкмөтү долбоордун сунуштарын облустук сынакттык комиссиягы өз убагында алып баруу ишин камсыздашсын.
3.Чүй айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн бюджетти жана дагы сунушта көрсөтүлгөн келечектеги техникалык тейлөө кызматтарына жана экплуатациялоо чыгымдары бекитилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.М.Шакеевге жүктөлсүн.
Тѳрага: | З.Амангельдиев |