Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-февралы №17/3
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү туралуу
Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин протоколунун иш кагаздарын карап жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2019 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 42 587,9 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен:
-Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы -38 035,3 миң сом
-Атайын эсептен – 4 552,6 миң сом.
2.Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга карата сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 42 587,9 миң сомго бекитилсин.
- Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жалпы суммасы – 38 035,3 миң сомго
-Атайын эсептен 4 552,6 миң сом
3.2019-жылдын 1-январына карата Чүй айыл өкмөтүндө атайын эсепте калган калдыктын суммасы 1140,6 мин сом акча каражаты:
Бала бакча бөлүмү
2218 берене “Тамак-аш” продуктыларына -624,5 мин сом
2222 берене “Чарбалык товарларды сатып алууга” -149,9 миң сом
Мамлекеттик тейлөө бөлүмү
2222 берене “Чарбалык товарларды сатып алууга” -366,2 миң сом каражатынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага: | З.Амангельдиев |