Редакцияот 14.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жыллдын 14-марты №18/3

Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш -тиричилик бөлүмүнүн көчө комитеттеринин төрайымдарынын (төрагасынын) эмгек акыларын коюу жөнүндө

Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп, сунушталган иш -кагаздары менен таанышып, депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31,46,47-беренелерине ылайык Чүй айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн көчө комитеттеринин эмгек акылары 2019 -жылдын 1- мартынан тартып 30% таштандыларды чогултуудагы түшкөн акча каражатттарынын эсебинен коюлсун.

2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

З.Амангельдиев