Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жыллдын 14-марты №18/4
Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын оперативдик башкаруу укугуна берүү жөнүндө
Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2019 –жылдын 4 –мартындагы №02-2/358 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2002- жылдын 15 –мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 16 –беренеси, Кыргыз Республикасынын 2011- жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18- беренесинин 2-бөлүмчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 230,231 беренелерин жетекчиликке алуу менен, Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Чүй айылындагы Советская,69 көчөсүндө жайгашкан административдик имаратты Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына убактылуу 2 (эки) жылдык мөөнөтү менен колдонууга берилсин.
2.Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына (Ж.Шакеевге) Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен убактылуу берилген муниципалдык административдик имаратты ижарага берүү жөнүндө келишими түзүлсүн.
3.Убактылуу ижарага берилген Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик имараттар баардык коммуналдык чыгымдарын Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан төлөгөнгө милдеттендирилсин.
4.Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Чүй айылынын Советская, 69 муниципалдык менчик имараттын балансын тактап жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевге милдетүү түрдө билдирилсин.
5.Оперативдик башкаруу колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин имарат Чүй айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
6.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага: | З.Амангельдиев |