Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу №1
Cакалды айыл аймагындагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоо) мараторий киргизүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери бар болгон жер участокторун трансформациялоого жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Сакалды айыл аймагында сугат жерлерди трансфармациялоого мараторий киргизилгенге чейин өзүн өзү башкаруу органынын чечими мененберилип турак жай курулуп калган жерлер жөнүндө маселени карап, ушул маселени мыйзамдаштыруу максатында Сакалды айылдык кеӊешинин мыйзамдуулук жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комисиясынын 2019жылы 26-июлундагы корутундусуна, актысына жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 сугат айдоо жерлерди трансформациялоонун убактылуу тартиби жөнүндөгү токтомун жетекчиликке алып Сакалды айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл аймагындагы сугат жерлерди трансформациялоого мараторий киргизилгенге чейин жер тилке берилип жана турак жай курулуп калган №149-контурдан 0.32га, №137-контурдан 0,10га, №181- контурдан 0.15га, №89-контурдан 0.52га, №115 –контурдан 0.28га; бардыгы-1.37га аянтагы сугат айдоо жерлерди калктуу конуштардын жерлери категориясына трансформациялоо (которуу)сунушталсын.
2.Керектүү иш кагаздарын даярдоо Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, Ноокен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыктарынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдетендирилсин.
Тѳрага: | Д. Бекназаров |