Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу №2
Cакалды айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомунун 10-пунктуна ылайык Сакалды айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомунун 10-пунктуна ылайык 2020-жылдын 31-декабрына чейин көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү убактылуу токтотулган. “Долборлоо” деген көчөлөрдүн аттарынын ордуна расмий аттарды ыйгарып автоматтык каттоо тутумуна жана даректүү регистрге киргизүү зарылчылыгын эске алып,ошондой эле “Долборлоо” деген көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү расмий өзгөртүү болуп эсептелбейт деген корутундуга ылайык Сакалды айылындагы жаӊы конуштардын аты жок бөлүгүнө “Ынтымак”деген ысым ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн 2020-жыл эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы М.Орозалиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Д. Бекназаров |