Редакцияот 29.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2019-жылдын 29-июлу №3

Cакалды айыл өкмөтүнүн тургуну Мырзамамытов Мадаминжанга таандык чайкананы турак жайга кайра максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

 Жаран Мырзамамытов Мадаминдин арызына, Ноокен райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын 27-июнундагы Архитектуралык пландоо шарттарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Сакалды айыл өкмөтүнүн жашоочусу Мырзамамытов Мадаминжанга таандык Сакалды айылынын Моложанов көчөсүндө жайгашкан 0,14 га жер тилкеси менен чайкананын максаттуу багыты өзгөртүлүп,турак жай үчүн мыйзамдаштырылсын.

 2.Керектүү иш кагаздарына өзгөртүү киргизүү менен кайрадан документтештирип берүү Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Орозалиевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага:

Д. Бекназаров