Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу №4
Cакалды айыл өкмөтүнүн тургуну Тагаева Мавлюда Абдижапаровнага таандык жеке менчик турак жайдын жер аянтын соода дүкөнгө кайрадан максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаран Тагаева Мавлюда Абдижапаровнанын арызына, Ноокен райондук шаар курулуш архитектура боюнча башкармалыгынын 2019-жылдын 15-июлундагы Архитектуралык пландоо шарттарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн жашоочусу Тагаева Мавлюда Абдижапаровнага таандык Сакалды айылынын Моложанов көчөсүндө жайгашкан 234,0 м.кв жер тилкеси менен турак жайдын максаттуу багыты өзгөртүлүп,соода дүкөн үчүн мыйзамдаштырылсын.
2.Керектүү иш кагаздарына өзгөртүү киргизүү менен кайрадан документтештирип берүү Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Орозалиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Д. Бекназаров |