САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 29-июлу №5
Cакалды айыл өкмөтүнүн тургуну Асатов Арсланбекке таандык административдик имаратты турак жайга кайра максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,жаран Асатов Арсланбектин арызына жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл өкмөтүнүн жашоочусу Асатов Арсланбек Ырысбаевичке таандык Сакалды айылынын Садовая көчөсүнүн №1 имаратында жайгашкан 0,20 га жер тилкеси менен административдик имараттын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө арызы канааттандырылсын жана бул имараттын максаттуу багыты турак жай үчүн мыйзамдаштырылсын.
2.Керектүү иш кагаздарына өзгөртүү киргизүү менен кайрадан документтештирип берүү Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Орозалиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Д. Бекназаров |