Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу №7
Сай-Бою айылына таза суу системасын тартуу” долбооруна ѳздүк салым ажыратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн Сай-Бою калктуу конушуна Ага Хан фондунун колдоосу менен таза суу түтүктѳрү тартылып,калкка таза суу берүү жумуштары аткарырылып жаткандыгына байланыштуу бул долбоордун ѳздүк салымы болгон 710996(Жети жүз он миң тогуз жүз токсон алты ) сом каражат айыл ѳкмѳттүн жергиликтүү бюджетинен ажыратылсын.
2.Аталган акча каражатын ажыратып берүүсүн камсыздоо Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин мыйзамдуулук комитетинин тѳрагасы А.Нышанбаевге жүктѳлсүн.
Тѳрага: | Д. Бекназаров |