АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин кезексиз VIII чакырылышынын XXI сессиясы
2019-жылдын 09-сентяры №91
Абды Суеркулов айыл аймагынын Абды Суеркулов айыл өкмөтү» мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде, Абды Суеркулов айыл аймагынын Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн Регламентин талкулоонун негизинде Абды Сеуркулов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Абды Суеркулов айыл аймагынын Абды Суеркулов айыл өкмөтү» мекемесинин Регламенти бекитилсин.
2. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Токтошовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
4. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |