Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-сентябры № 213/30-4.
Токмок ш. тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жагындагы иши жөнүндө
Токмок шаарынын маданият бөлүм башчысы М.М.Туркменованын “Токмок ш. тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануудагы жасалган иши жөнүндөгү” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын маданият бөлүм башчысы М.М.Туркменованын “Токмок ш. тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануудагы жасалган иши жөнүндөгү” отчету эске алынсын.
2. Музейдин директору З. К. Шоконовага тарыхый-маданий мурастарды сарамжалдуу пайдалануу, кайрадан калыбына келтирүү зарылчылыгы жана сактоо боюнча туруктуу негизде көзөмөлдөө сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэри С.В.Ступниковго жүктөлсүн.
Төрага: | Т.А. Солтобаев |