Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-сентябры № 214/30-4
Токмок ш. китепканаларынын ишин камсыз кылуу жана уюштуруу жөнүндө
Токмок ш. Маданият бөлүм башчысы М.М.Туркменованын “Токмок ш. китепканаларынын жасалган иши жөнүндөгү” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Маданият бөлүм башчысы М.М.Туркменованын “Токмок ш. китепканаларынын жасалган иши жөнүндөгү” отчету эске алынсын.
2. Токмок ш. борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Н.С. Джаныбаевага жаш муундарды китептерди окууга жана китепканаларга барууга тартуу боюнча маалыматтык-үгүт иштерди такай өткөрүү сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэри С.В.Ступниковго жүктөлсүн.
Төрага: | Т.А. Солтобаев |