Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-сентябры № 216/30-4
Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жана эс алууну уюштуруу үчүн шарттарды түзүү жөнүндө
Токмок ш. Маданият бөлүм башчысы М.М.Туркменованын “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жана эс алууну уюштуруу үчүн шарттарды түзүү жөнүндөгү” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Маданият бөлүм башчысы М.М.Туркменованын “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жана эс алууну уюштуруу үчүн шарттарды түзүү жөнүндөгү” отчету эске алынсын.
2. Маданият бөлүм башчысы М.М.Туркменова Токмок ш. дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмү менен биргеликте, балдар үчүн кызыктыруучу-таанытуучу оюндарды жана конкурстарды өткөрүүнү уюштуруу бөлүгүндө ишти күчөтүү сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэри С.В.Ступниковго жүктөлсүн.
Төрага: | Т.А. Солтобаев |