ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок Шаардык Кеңешинин Iv Чакырылышынын Кезектеги Xxx Сессиясы
2019-жылдын 5-сентябры № 217/30-4
Дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жөнүндө
Токмок ш. дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын м.а. Ф. Ушунбаеванын “Дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жөнүндөгү” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын м.а. Ф.Ушунбаеванын “Дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жөнүндөгү” отчету эске алынсын.
2. Токмок ш. дене тарбия жана спорт бөлүмүнө:
- спорттук бөлүктөрдө жана ийримдерде иштөө үчүн жаш адистерди тартуу боюнча иш жүргүзүү;
- спорттук натыйжаларды жана көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэри С.В.Ступниковго жүктөлсүн.
Төрага: | Т.А. Солтобаев |