Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-сентябры № 218/30-4
Токмок шаарынын коммуналдык кызматтарынын 2019-2020-жылдары үчүн күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
“Токмок жылуулук берүү ишканасы” МИ жана “Токмок Жылуулук” МИнын директорлорунун “Токмок шаарынын коммуналдык кызматтарынын 2019-2020-жылдары үчүн күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. жылуулук берүү боюнча коммуналдык кызматтарынын жетекчилеринин “2019-2020-жылдары үчүн күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү” отчету эске алынсын
2. “Токмок жылуулук берүү ишканасы” МИ жана “Токмок Жылуулук” МИнын директорлоруна дебитордук карызды азайтуу боюнча активдүү иш жүргүзүү сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице-мэри К.К. Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Т.А. Солтобаев |