Редакцияот 05.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токмок Шаардык Кеңешинин Iv Чакырылышынын Xxx Кезектеги Сессиясы

 

2019-жылдын 5-сентябры № 220/30-4

“Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Р-2 жана Ц-2 зонасынан С-1 зонасына жер тилкесин которуу жөнүндө

Токмок шаарынын мэри Д.Дж.Амангельдиевдин 2019-жылдын 30-августундагы чыг.№1521/1-4 “Жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндө” катын жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайданалуу” комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

 - Токмок шаарынын 3-кичирайонун № 52 үйдүн чыгыш тарабындагы аянты

63000 м.2 муниципалдык жер тилкеси Р- 2 зонасынан С-1 зонасына которулсун.

- Токмок шаарынын 3-кичирайонун № 52 үйдүн чыгыш тарабындагы аянты 8000 м.2 муниципалдык жер тилкеси Ц-2 зонасынан С-1 зонасына которулсун.

     2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.А. Солтобаев