Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-сентябры № 222/30-4
Токмок шаары, Дунларов көчөсү, 274 дарегинде жайгашкан муниципалдык объект №13 мектептин жатаканасын соодасы жок узак мөөнөттүү ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэри Д.Дж.Амангельдиевдин “№13 мектептин муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 25644м2 болгон жатаканасын соодасы жок 15 жылдык ижарага берүү жөнүндө” катын жана “Токмок ш. курулуш жана жерди пайдалануу” комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаары, Дунларов көчөсү, 274 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 25644м2 болгон муниципалдык объект №13 мектептин жатаканасын «Борбор Ас-Сафа» коомдук бирикмесине жетим, каралбай калган балдарга жана начар жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн соодасы жок 15 жылдык мөөнөттүк ижарага мектеп курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.А. Солтобаев |