Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-сентябры № 223/30-4
Жалпы аянты 420,0м2 болгон жер тилкесин П-1 зонасынан Ц-2 зонасына которуу жана “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Г.Т. Касымалиеванын “Жер тилкесинин зоналык категориясын П-1 зонасынан Ц-2 зонасына которуу жөнүндө” арызын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 75/19 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 420,0м2 болгон Г.Т Касымалиеванын жеке менчигиндеги жер тилкеси П-1(өнөр жай ишканалары) зонасынан Ц-2 (жергиликтүү маанидеги коммерциялык активдүүлүк жана тейлөө борборунун зонасы) зонасына которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.А. Солтобаев |