Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-сентябры № 224/30-4
Жалпы аянты 1350 ч.м. болгон жер тилкесин Ц-2, Ж-1А зонасынан К-1 зонасына которуу жана “Токмок шаардык курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жаран Д.Т.Ишмухамедовдун “Жер тилкесинин зоналык категориясын Ц-2, Ж-1А зонасынан К-1 зонасына которуу жөнүндө” кайрадан кайрылган арызын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык курулуш жана жер пайдалануу боюнча жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин- жаран Д.Т.Ишмухамедовдун Токмок шаарындагы Островная № 2 жана Мичурина № 40 көчөлөрүндө жайгашкан, жеке менчигиндеги жер тилкеси Ц-2 (жергиликтүү маанидеги коммерциялык активдүүлүк жана тейлөө борборунун зонасы) жана Ж-1А (шаардын чет жактарындагы жеке усадьбалык турак-жай курулушунун зонасы) зоналарынан дүкөн, ТТС, май алмаштыруучу, унаа жуучу жайлар жана желимдөө куруу үчүн К-1 (коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалоонун жана майда өндүрүштүн зонасы) зонасына которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.А. Солтобаев |