Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 15-февралы № 97/XV-27
2018-жылда жасалган иштер жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысынын отчету
“2018-жылда жасалган иштер жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысы А.С.Абдраевдин отчетун угуп жана талкуулап, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планы 2018-жылга толугу менен аткарылгандыгын айыл өкмөтү белгиледи. Пландаштырылган баардык иш чаралар ишке ашырылды. Салыкты чогултуунун бардык түрлөрү толук аткарылды. Тургундар тарабынан айыл өкмөттүн иши тууралуу даттануулар болгон жок. Айыл өкмөтү өзүнүн жумушунда айыл аймагын өркүндөтүүгө жана калктын аярлуу катмарына материалдык жардам көрсөтүүгө көп көңүл бурат. Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылда жасалган иштер жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысынын маалыматы эске алынсын.
2. 2019-жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын толугу менен ишке ашыруу үчүн ар дайым тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |