Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 15-февралы № 98/XV-27
Ак-Кудук айыл аймагынын 2019 жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү иш чараларынын планын бекитүү
“2018 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” жана “2019 жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө ” Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап план толугу менен аткарылгандыгын Ак-Кудук айыл өкмөтү белгилейт.2019 жылга социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планына айылдарды абаттоо, дренаждык тарамдарды жана жолдорду тазалоо жана аймактын көйгөйлөрүн чечүү каралган. Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысы А.С.Абдраевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ак-Кудук айыл аймагынын 2019 жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2019 жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын ишке ашыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлсүн.
4. Жаңы иш орундарын түзүү боюнча иштер улантылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |