Редакцияот 15.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019 жылдын 15-февралы № 99/XV-27

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө.

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылгандыгы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесине ылайык “Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2018 жылдын бюджетин аткаруу жөнүндөгү” акча каражаттарын беренелер жана бөлүмдөр боюнча бөлүп берүү, ресурстар маселелер жана максаттардын так жазылуусун көрсөткөн айылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө жергиликтүү бюджеттен чыгашалары багытталгандыгын айыл өкмөт белгилейт Ак Кудук Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2018 жылдын бюджетинин аткаруу жөнүндө” отчету чыгаша бөлүмү боюнча 17130,6 мин сом аткарылгандыгы жана киреше бөлүмү боюнча 14829,1 мин сом аткарылгандыгы бекитилсин.

2. Бюджеттик каражаттын эркин калдыктары негизги эсептен 6363,6 миң сом бекитилсин.

3. Бюджеттик каражаттын эркин калдыктары атайын каражаттан 492,0 миң сом бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

У.Суваналиев