Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 15-февралы № 100/XV-27
Ванахун атындагы “Кант” чек аралык заставасынын жетекчиси А.Тилекбековдун катын кароо жөнүндө
“Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” Ванахун атындагы “Кант” чек аралык заставасынын жетекчиси А.Тилекбековдун катын карап жана талкуулап, айыл өкмөттүн аймагы чек аралык заставанын аймагы менен жанаша турат, Ак-Кудук айыл өкмөтү шефтик уюм болуп эсептелет Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ванахун атындагы “Кант” чек аралык заставасына материалдык жардам көрсөтүү үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 15000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |