АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 15-февралы №101/XV-27
Курултай өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” мыйзамынын 59 беренесине ылайык, Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүн кароо максатында Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын графигинин негизинде 2019 жылдын 4-мартында Ак-Кудук айыл аймагында жергиликтүү жамаатка Курултай өткөрүү.
2. Уюштуруу маселелерин жана курултайга аймактын тургундарын кеңири катышуусун айыл өкмөтү камсыз кылсын.
3. Курултай өтөкрүү үчүн Ак-Кудук айыл айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20000 сом бөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |