Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 15-февралы №103/XV-27
Акы төлөнүүчү коомдук жумуш мезгилинде айлык акыны жогорулатуу жөнүндө
Ысык-Ата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын 2019 жылдын 2-февралынын № 08/5 “Акы төлөнүүчү коомдук жумуш мезгилинде айлык акыны жогорулатуу ” сунуштамасынын негизинде Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуш мезгилинде айлык акыны айына 1500 сомго жогорулатуу.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн каржылоосу бул токтомдун негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |