Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 22-февралы №105/XV-27
Акча каражаттын эркин калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
“2019 жылдын башына акча каражаттын эркин калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө” маалымдаманы карап көрүп, бюджеттик угуунун катышуучуларынын ойлорун жана депутаттардын сунуштарын угуп Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Бюджеттик каражаттардын эркин калдыгы 6363,6 миң сомду төмөнкү түрдө бөлүштүрүлсүн:
“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мамлекеттик жарандык кызматкерлерди материалдык мативациялоо 31-беренесине ылайык айыл өкмөт кызматкерлерин төрт айлык акы өлчөмүндө 607,8 мин сом (2111-б. 518,4 мин сом, 2121-б. 89,4 мин сом) суммада сыйлоо;
Көчөлөрдө жарыктарды орнотуу жана ондоо – 3100,0 мин сом
Ак-Кудук айылынын спорттук залына спорт инвентарларына – 300,0 мин сом
Электр плитасына - 61,5 миң сом;
Компьютерлерге - 474,0 миң сом;
Балдар аянтчасына- 150,0 миң сом;
Айыл өкмөттүн имаратын оңдоого- 500,0 миң сом;
Жолдорду ондоо – 1170,3 мин сом
2. Атайын каражаттын эркин калдыгы 492,0 миң сомду төмөндөгүдөй бөлүштүрүү:
Башкаруу апарат болуму – 2215 –б. Башка товарларды алуу жана кызмат көрсөтүү – 74,6 миң сом
ЖКХ бөлүмү 2221 –б, - 143,6 миң сом;
Бала бакчага 2218-б, тамак ашына -273,8 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |