Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 22-февралы №107/XV-27
Акча “8-март аялдардын Эл аралык күнүнүн урматына арналган майрамдык иш чараларды өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
“8-март аялдардын Эл аралык күнүнүн урматына арналган майрамдык иш чараларды өткөрүү жөнүндө” маалыматты угуп жана талкуулап Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 8-март аялдардын Эл аралык күнүнүн урматына арналган майрамдык иш чараларды өткөрүү үчүн 60500 сом (500сом бир кишиге) айыл өкмөттүн бюджетинен каражат бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөттүн аялдар коллективине, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана билим берүү мекемелерине, маданият бөлүмүнүнө, медицина бөлүмүнө бөлүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |