Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 22-февралы №108/XV-27
21-март “Нооруз” майрамына даярдануу жана өткөрүү жөнүндө
21-март “Нооруз” майрамына даярдануу жана өткөрүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, бул майрамды өткөрүү калктын активдүү катышуусу менен салтка айланган. Элдик каада -салтты өнүктүрүүнү, улуттар аралык мамилени, элдер арасындагы достукту, биримдикти бекемдөө максатында Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1.Клуб башчылары Лимарь Л.И., Боров М.И., Шарипова Н.Г. калкты майрамга тартуу менен 21-март Нооруз майрамына арналган иш-чара планын даярдашсын. Айылдлык округдун айылдарына маданий-массалык иш чаралар уюштурулсун.
2. “Нооруз” майрамын өткөрүү үчүн 75000 сом суммада акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. “Нооруз” майрамынын урматына жана айыл өкмөттүн кызматкерлерин финансалык колдоо максатында бир айлык айлык акы өлчөмүндө сыйланышсын.
1. Абдраева А.С. – айыл окмоттүн башчысы
2. Жекшенби к.Н. – айыл окмоттүн жооптуу катчысы
3. Котлярова О.Г. айыл окмоттүн фин.экономика бөлүмүнүн башчысы
4. Филимоненкова И.В.- айыл окмоттүн бухгалтери
5. Саидова Е.В. – айыл өкмөттүн жер боюнча адиси
6. Дононбаева Н.Ы.- статист-экономист
7. Ревщукова Л.Р. – ВУС инспектору
8. Муратова З.И. – айыл өмөттүн социалдык маселелер боюнча адиси
9. Каликулов Э.Э. –ВУС инспектору
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |