Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-сентябры №7/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамынын негизинде Күнтуу айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлери жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңеши, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагында социалдык маселелер боюнча суроо-талаптар көп болгондугуна байланыштуу, штаттык бирдик менен бекитилген киреше боюнча салык адиси, социалдык жактан адис багытында которулсун;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн аппаратындагы социалдык жактан жетектөөчү адис жана салык адистигинен которулган социалдык жактан адисти, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин алдындагы, Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Күнтуу айыл өкмөтү айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүү жөнүндө мыйзамынын негизинде, келишимдерди түзсүн жана мыйзам чегинде иш алынып барылсын;
3. Киреше боюнча адистин, социалдык жактан адис болуп которулгандыгына байланыштуу, квалификациялык талаптары, кызматтык инструкциясы жана функционалдык милдеттери мыйзам чегинде бекитилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге жүктөлсүн;
5. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов |