Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 27-майы №114/XVII-27
МИС ААК катын карап чыгуу жөнүндө
“МИС” ААК төрагасы Р.К Кожобековдун айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн келишим түзүү жөнүндө катын карап жана таалкуулап чыгып Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Типтүү жобонун № 69 жана № 73 беренелеринин негизинде айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө тартиби жана шарттарына ылайык мамлекеттик айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн “МИС”ААК менен келишим түзүүдөн баш тартылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |