Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 14-майы №115/XVII-27
“МИС” ААКнун административдик доосун кароо жөнүндө
Чүй облусунун район аралык административдик жана экономикалык сотунун “МИС” ААКнун “Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2018 жылдын 28-сентябрындагы № 79/13-27 Токтомун жарактуу эмес деп” берген доосун соттук териштирүүгө даярдоо аныктамасын угуп жана талкуулап Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу колдонууда жана пайдаланууда укуктук режим астында жер комиссиясынын жана айылдык кеңештин аткарган жумушун мыйзамдуу деп эсептесин.
2. Айыл өкмөттүн юристи Ж.Жумакованы Ак-Кудук айылдык кеңешинин район аралык сотто кызыкчылыктарын жактоого ишеним кат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | У.Суваналиев |