Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу №25/3
Масалиев айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3- мартындагы “ Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун, Кырыгз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы №13-7/11 буйругунун жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 29-мартындагы №1-5/227-б буйругунун, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылын 29- мартындагы №1-5/89-б буйругунун жана А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрдагы №344 буйругунун негизинде, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы даярдаган А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдарынын баяндамасын карап жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши
ТОКОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдары бекитилсин.
2. Токтомду бекитип беруу жагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | С.Абдурахманов |