Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу №25/5
Масалиев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-декабрындагы кезектеги 20-сессиясында кабыл алынган токтомдун жана КР айыл чарба, тамак аш, Өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин 2018-жылдын 5-декабрындагы № 382 буйругу менен түзүлгөн комиссиянын справкасынын негизинде А.Масалиев айыл аймагындагы “Кара-Дөбө” үрөнчүлүк чарбасынын айрым жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун эсебинен өткөрүп берүүнү уюштуруу жөнүндөгү Кадамжай районунун Мамлекеттик Администрациясынын 2019-жылдын 6- мартындагы №1-5/ 55-б буйругунну негизинде тиешелүү комиссиянын алып барган иштери жөнүндө маалыматты угуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Кара-Дөбө үрөнчүлүк эксперементалдык чарбасынын 50 га жер аянтын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү боюнча белгиленген мөөнөттө өткөрүп берүү жагы сунушталсын .
2. Өткөрүлүп берилген жер аянтын ижарага берүү боюнча иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | С.Абдурахманов |