Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу №25/7
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн үстү жагы менен Кадамжай шаарынын территориясына чейин Исфайрам дарыясынан суу тартуу боюнча проектин изилдөө иштерине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңеши Т. Эгембердиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 18-беренесинин 4-тайпасынын негизинде А. Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын территориясына чейин Исфайрам дарыясынан суу тартуу боюнча проектин изилдөө иштерине айыл өкмөтүнүн бюджетинен Масалиев айыл өкмөтүндөгү өздөштүрүлө турган жерлердин өлчөмүн эске алуу менен акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы турукту комиссиясына жүктөлсүн,
Айылдык кеңештин төрагасы: | С.Абдурахманов |