Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу №25/11
“А.Масалиев айыл аймагынын мамлекеттик фондунун жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен инвентаризациялоо жөнүндө
А.Масалиев айыл аймагынын мамлекеттик фондунун жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен инвентаризациялоо жөнүндөгү А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчик боюнча жетектөөчү адиси А.Жалаловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын А.Масалиев айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагынын мамлекеттик фондунун жерлерине мурда түзүлгөн картага өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. А.Масалиев айыл аймагынын мамлекеттик фондунун жерлери жер балансы боюнча сакталсын.
3. А.Масалиев айыл аймагынын мамлекеттик фондунун жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү инвентаризациялоо Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы менен келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | С.Абдурахманов |