Загрузка документа…
СУУ БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу №17
“Гранд строй лимитед” ЖЧК нын директору К.Маркаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
“Гранд строй лимитед” ЖЧК нын директору К. Маркаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Гранд строй лимитед” ЖЧК на Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылынын түндүк- батыш тарабында жайгашкан Ак-Таш тоосунун жанындагы мурдагы мал камоочу жайдын Ак-Таш тоосу тарабына. Таш майдалагыч куруу үчүн 1.2 га жер аянтын жана Ак-Таш тоосунун боорундагы куйулма таштарды майдалап кайра иштетүү максатында аталган жер тилкесинен 3.5 га жер аянтын 20 ( жыйырма) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
Төрага: | Р. Артыкбаев |