Загрузка документа…
СУУ БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-июлу №26
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарда бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна аудит жүргүзүү үчүн КРнын Эсептөө палатасынын 2019-жылга карата аудиттик ишмердүүлүк планы, КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин 2019-жылдын 12-июлундагы № 01-16/186-буйругуна ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгына ылайык 2017-2018-жылдарынын бюджеттик мезгилине карата максатсыз чыгымдалган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана 2019-жылдын бюджетинин III кварталынын сметасын кыскартуу максатында айылдык кеёеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна аудит жүргүзүү үчүн КРнын Эсептөө палатасы 2019-жылга карата аудиттик ишмердүүлүк планы, КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин 2019-жылдын 12-июлундагы № 01-16/186-буйругуна ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Айылдык Кеёештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. 2017-жылдын бюджеттик мезгилине карата максатсыз чыгымдалган 18.0миё сом акча каражаты мыйзамдаштырылсын жана 2019-жылдын бюджетинин 2215 статьиясынан 18.0 миё сом кыскартылсын.
3. 2017-жылдын бюджеттик мезгилине карата максатсыз чыгымдалган 15.0 миё сом акча каражаты мыйзамдаштырылсын жана 2019-жылдын бюджетинин 2215 статьясынан 15.0 миё сом кыскартылсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы КРнын Финансы Министрлигинин Баткеен райондук башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомго ылайык зарыл чараларды көрүү, тийиштүү бухгалтердик отчетторду түзүү жана 2019-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Козуевке, ФЭБнүн башчысы А.Эрматовго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | Р. Артыкбаев |