Загрузка документа…
АЙДЕРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-августу №67
Айдаркен шаар мэриясынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114-токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартыдагы №13-7/11 токтомунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 29-мартындагы №1-5/89б жана Айдаркен шаардык мэриясынын 2019-жылдын 6-июнундагы №02-11/45 буйругунун негизинде, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы даярдаган Айдаркен шаардык мэриясынын жер фондун инвентаризациялоонун баяндамасын угуп, депутаттар тарабынан талкууланып, сунуштарды эске алуу менен шаардык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык мэриясынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдары шаардын чек арасына кирбей калган жер аянтары менен («Алмазар» дачасынын 15 гектар аянты жана таштанды тазалоочу жайдын 56,2 гектар аянты) Айдаркен шаарынын чек арасына киргизүү менен бекитилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кадамжай райондук администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
Шаардык Кеңешинин төраганын орун басары: | Т.Ж.Сатыбалдиева |