Загрузка документа…
АЙДЕРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №68
Айдаркен шаардык мэриясынын 19.08.2019-жыл №689-катына негиз Кадамжай райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилүүчү штаттык бирдикти жана келишим долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы №235, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715» «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кадамжай райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилүүчү штаттык бирдикти жана келишим долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү Айдаркен шаардык мэриясынын 2019-жылдын 19.08. №689-каты менен таанышып, депутаттар тарабынан талкууланып, сунуштарды эске алуу менен шаардык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук Эмгек жана социалдык өнуктүрүү башкармалыгы тарабынан берилүүчү штаттык бирдик жана келишим долбоору бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
Шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: | У.Т. Гапаров |