Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну №13
Самаркандек айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинен беренеден беренеге жылдыруу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б.Шайдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн “аппарат” бөлүмүнон -2215 «дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» беренесинен -511.9 миңсом төмөнкү бөлүмдөрдүн чыгаша бөлүктөрүнө төмөнкүдөй тартипте жылдырылсын:
“Аппарат” бөлүмүбоюнча:
-2222- «учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» беренесине -144,0 миң сом;
-3111-«имараттар жана курулуштар» беренесине – 284,0 миң сом;
-3112-«машиналар жана жабдуулар» беренесине – 55,6 миң сом.
«Библиотека» бөлүмү боюнча:
-2215-«дагы башка кызмат көрсөтүүну алуу» беренесине – 3,2 миң сом.
«Клуб» бөлүмү боюнча:
-2211-«кызматтык кыдырууларга чыгашалар» беренесине – 1,6 миң сом;
-2221-«мүлктү учурдагы ондоого кеткен чыгымдар» беренесине – 23,1 миң сом.
«Орто мектептер» бөлүмү боюнча:
-2215-«дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» беренесине -0,4 миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин чыгаша бөлүгүнүн -2221- «мүлктү учур дагы оңдоого кеткен чыгымдар» беренесинен -148,1 миң сом, -2215- «дагы башка кызмат кылууну алуу» беренесине жылдырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика-бюджет боюнча турукту укомиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | А. Гапаров |