Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-декабры №1
Коткор айылынын Тандоо участкасындагы №713 контурунан 0,70 га жер тилкесине гидротехникалык курулуш (суу сактоо үчүн резервуар) курууга жер тилкесин которуу жана ажыратуу (трансформациялоо) жөнүндө
Коткор айылынын Тандоо участкасындагы №713 контурунан 0,70 га жер тилкесине гидротехникалык курулуш (суу сактоо үчүн резервуар) курууга жер тилкесин которуу жана ажыратуу (трансформациялоо) жолу менен пайдаланууга берүү максатында, Кеңеш айыл аймагынын администрациясы тарабынан сунушталган материалдар менен таанышып аны талкуулап чыгып, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын администрациясы тарабынан сунушталган материалдар көңүлгө алынсын.
2. Коткор айылынын Тандоо участкасындагы №713 контурунан 0,70 га жер тилкесине гидротехникалык курулуш (суу сактоо үчүн резервуар) курууга Айыл чарба багытындагы (жакынкы жайыт) жерлеринен Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жана ажыратуу (трасформациялоо) жолу менен пайдаланууга багытын которууга макулдук берүү менен Кеңеш айыл аймагы тарабынан аткарууга алынсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен райондук деңгээлде түзүлгөн комиссияга сунуштоо Кеңеш айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И. Каипов |