Загрузка документа…
КАРА БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну №49
Кара-Бак айыл аймагындагы Алты-Адыр участкасындагы 600,0 га калктуу конушка которулуучу жердин келечек планын бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагындагы Алты-Адыр участкасындагы 600,0 га калктуу конушка которулуучу жердин келечек планын бекитүү үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси К.Амиракуловдун билдирүүсүн угуп,03.06.2019-жылдагы өткөрүлгөн коомдук угуунун токтомдорун эске алуу менен Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагындагы Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушка которулуучу(трансформациялануучу) башкы планда көрсөтүлгөн 600,0 га жер аянтынын келечек планы коомдук угуунун токтомундагы сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Келечек планды коомдук угуунун сунуштарын эске алуу менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасынын орун басары: | М. Надирова |