Загрузка документа…
КАРА БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну №50
Жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жарандардын кайрылуусунун негизинде арыздарын карап чыгып Кызыл-Бел айылынын тургуну Таджибаева Кайринсанын өз күчү менен көп каражат жумшап өздөштүргөн 0,73 га жеринин түрүн өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Таджибаева Кайринсага Кызыл-бел айылынын түндүк-батыш тарабынан өздөштүрүү үчүн берилген 0,73 га жер азыркы учурда бак болгондуктан Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын “таштуу жайыт” түрүнөн “көп жылдык мөмө жемиш бактар түрүнө” которууга макулдук берилсин.
2. Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын “таштуу жайыт” түрүнөн “көп жылдык мөмө жемиш бактар түрүнө” которуп берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасынын орун басары: | М. Надирова |