Загрузка документа…
КАРА БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну №52
Жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жарандардын кайрылуусунун негизинде арыздарын карап чыгып Баткен шаарынын тургуну Абдырахманов Алмазбектин өз күчү менен көп каражат жумшап өздөштүргөн 7,5 га жеринин түрүн өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын тургуну Абдырахманов Алмазбектин Көк-Дөбө участкасындагы жайгашкан өздөштүрүү үчүн берилген жер азыркы учурда 7,5 га бак болгондуктан Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын “таштуу жайыт” түрүнөн “көп жылдык мөмө жемиш бактар түрүнө” которууга макулдук берилсин.
2. Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын “таштуу жайыт” түрүнөн “көп жылдык мөмө жемиш бактар түрүнө” которуп берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасынын орун басары: | М. Надирова |